MENU
Главная » Тексты » Тексты кыргызских песен

Текст, слова песни Айпери Кулбаева - Санат

Белимде бото курум бар оозумда санат ырым бар
Белимде бото курумду беш жеринен тартайын
Оозумда санат ырымды жаш карыга айтайын

Сала турган кишиге сарала туйгун куш кызык
Тамактын даамын келтирип таттуу кылаар туз кызык
Кышында балдар ойноорго күзгүдөй жалтыр муз кызык

Алкым бузуп көп ичип асыяга чырмалба
Өмүр сүрсөң кайгысыз ошол оомат жыргалда
Кызматын кылып сүйдүрсө кыз бала таттуу уулдан да

Өзүң ичик кемитип үй ичинде уурданба
Эки таттуу кишини ушак айтып кас кылба
Ичпей турган кишини сен ичкин деп шыкап мас кылба

Өзүңдү өйдө көтөрүп өзгөнү ылдый пас кылба
Ойлогон ойго жетээрсиң күлүк ат болсо астыңда
Атаңдын көрү бей баш деп атыңды башка чаптырба

Кабагын түйгөн сараңдын үйүнө барып жатпагын
Көзүң менен көрбөсөң күбүрөп ушак айтпагын
Арзыбаган буюмду сен казына кылып катпагын

Качырышкан душманда кайра тартып качпагын
Эрдигин көрсөң бирөөнүн эл ичинде мактагын
Алганың менен чырлашпай аяп бир кадыр сактагын


Другие песни этого исполнителя:


Категория: Тексты кыргызских песен | (20.08.2015)
Просмотров: 492 | Теги: Айпери Кулбаева | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
avatar