MENU
Главная » Тексты » Тексты кыргызских песен

Текст, слова песни Роза Шакирова - Көксулуунун арманы

Айдарың жүрсө термелген,
Аңкыган жыттың мен элем.
Алты күн тынбай ырдаган,
Ак таңдай теңим сен элең.

Жел аргы жүрсө термелген,
Жетилген жедең мен элем.
Жети күн тынбай ырдаган,
Жез таңдай теңим сен элең.

Арылгыс арман ыр болуп,
Тилиңе бүтүп каламбы.
Айыкпас кайгы муң болуп,
Дилиңе бүтүп каламбы.

Үн катчы мени мөгдөтпөй,
Үмүткөр кылып дегтетпей.
Күйүттө жүрүп өтпөйлү,
Күкүк бир менен Зейнептей.

Капаста калдым кетерде,
Кайрылчы мени эңсетпей.
Башымды ачып аларсың,
Башкага мени ээлетпей.


Другие песни этого исполнителя:


Категория: Тексты кыргызских песен | (21.08.2015)
Просмотров: 898 | Теги: Роза Шакирова | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
avatar